super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. "Дудук кызга байланган сүйүүм"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

"Көз - жан дүйнөнүн күзгүсү" дешет. Мейли ал бакырайган сулуу болсун же жымшыйып араӊ эле ачылган көздөр болсун, айырмасы жок. Көздүн формасында эмес, каректин тереӊинде ал адам тууралуу маалымат жаткандай. Эмнегедир көздөрдү көп карайм. Сүйлөшүп жаткан адамымдын көздөрү ылдый болсо өзүмчө жүдөп кетем. Бирок бир сырдуу көздөрдүн туткунунда калам деп ойлогон эмесмин.

Жумушка бара жаткам. Татынакай кыз маршруттук такси күтүп аялдамадагы отургучта отуруптур, жанындагы орун бош экен, ошол жакка бет алдым. Отурганымда коомай жылып койгону болбосо, серп салып караган жок.

– Таанышып алсак болобу, менин атым...
Кыз бир тиктеп алды да, башын аста чайкап басып кетти. Ичимдин ачышканы ай, бир чети жиним келип, бир чети намыстанып бара жаттым. Экинчи жолу ал адамды ойлобоско, издебеске өзүмө сөз берип жаттым. Бул теӊсинбегениби же... Ого бетер күйүп-жанып жүрдүм. Бирок өчөшкөндөй элеси турганы турган.

Бир күнү мага анын сыры ачылды. Түш болуп калгандыктан, тамактануу үчүн кафеге кирдим. Ал жактан тааныш көздөрдү көрүп сүйүнүп кеттим. Бир кадам таштап барып ордумда катып калдым. Ал каршылашындагы аял менен колун жаӊсап сүйлөшүп жаткан экен. Мени байкаган жок. Ошондо гана мен анын сүйлөбөй турганын билдим...

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.


кошулду





Жан дүйнө. "Дудук кызга байланган сүйүүм"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: