super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын УКМКга жообу: Илмиянов алды деген акча боюнча Сооронбай Жээнбековго кайрылгыла

 

"Кыргызстан социал-демократтар партиясы" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп таратты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда ошол кезде штаб башчынын орун басары болгон Икрамжан Илмияновго "Дизель комплект" компаниясы тарабынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү "демөөрчүлүк жардам" берилгени боюнча маалымат айтылды. 2017-жылдын 8-августунан кийин Икрамжан Илмиянов же башка адамдар тарабынан аталган сумма КСДПнын ишмердүүлүгүн колдоо үчүн деп берилди беле?" - деп жазылган УКМКнын катында.

Жолдубаеванын билдиришинче, КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

"Шайлоого даярдыкты, анын ичинде каржылык маселелердин баарын талапкер жана анын штабы түздөн-түз чечкен. Мыйзамга ылайык, талапкер өзүнүн шайлоо штабын жана шайлоо фондун түзөт. Саясий партиялар анын ичинде КСДП да президенттикке талапкердин шайлоо штабына жана шайлоо фондуна кийлигише албайт. КСДП шайлоого деп "Дизель комплекттен" же башка бир адамдардан акча алган эмес", - деди КСДПнын өкүлү Жолдубаева. "Мындан улам каржылык документтерге ээ президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго же БШКга кайрылууну сунуштайбыз" деп жооп берилгени айтылууда.

Буга чейин УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: