Бишкек ШИИББи: "3 курсанттын өлүмүнө алып келген жол кырсыгында Москвич унаасындагы айдоочу күнөөлүү"
Кырсык болгондо Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус аңтарылып кеткен


Кырсык болгондо Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус аңтарылып кеткен

Унаанын жол кырсыгынан кийинки абалы

Бул унаада 30 курсант бар болчу

Унаанын жол кырсыгынан кийинки абалы
ИИМдин академиясынын курсанттарын алып бара жаткан кичи автобус менен Москвич үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгында Москвичтин айдоочусу күнөөлүү экендигин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 57 жаштагы Москвич унаасынын айдоочусу 30 курсант бар Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун каршысынан чыгып, сүзүп кеткен. Натыйжада кичи автобус аңтарылып кетип, 1-курстун 3 курсанты каза болуп, 3 курсант ар кандай жаракаттар менен ооруканада дарыланышууда. Кырсык 9-июлда саат 07:50 чамасында Октябрь районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Akyl.UM.kg

10.07.2013. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кайгашалуу окуя болуптур. Афто машиналарга техникалык кароону тезинен кайра киргизуу керек. негизги себеби техникалык кароосу жоктугунан ушундай корунуштор болуп жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.