super.kg logo

Министрлик: "Акыркы бир жуманын ичинде сасык тумоого кабылгандардын саны 342ге жетти"

 

Кыргыз өлкөсүндө сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялык оорулар (ОРВИ) менен жабыркандардын саны акыркы бир жуманын ичинде 342ге жеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө эпидемиялык абал былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу жакшы, ооруп кайрылгандардын саны аз.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги оорунун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөп туруу максатында тендер өткөрүп, 79 миң сасык тумоого каршы "Гриппол плюс" вакцинасын сатып алган. Андан сырткары АКШдан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу гуманитардык негизде 70 миң вакцина алуу боюнча келишимге кол коюлду. Учурда дарынын өлкөгө келиши күтүлүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Ошондой эле сасык тумоонун алдын алуу үчүн Бишкек шаарында эмдөөдө жүргүзүлүп жатканын, анын баасы 500 сомдон 650 сомго чейин экенин маалымат кызматы кошумчалады.

Белгилей кетсек, дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу жугуштуу оорулары - сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус ооруган адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди "чеӊгээлинен" чыгарбайт. Убагында дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: