super.kg logo

Жогорку Сот: "Жаңы жылдан тартып беш мыйзам күчүнө кирет"

 

Кыргыз Республикасынын Жазык, Жоруктар жөнүндө, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстери, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамы 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.

Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда "Жазык-укуктук багыттагы жаңы мыйзамдар" аталышындагы маалымат жыйында айтылды.

Белгилүү болгондой, жаңы Жазык кодексинин негизги максаттары болуп сот адилеттигин гуманизациялоо, кылмыштуу жосундарды декриминализациялоо, жаза түрлөрүн жана тутумун реформалоо саналат.

Учурда колдонулуп жаткан Кылмыш-жаза кодексинен кылмыш жоруктары бөлүнүп алынып, жаңы Жоруктар жөнүндөгү кодекске киргизилет. Бул кодекске кирген кылмышка шектүүлөр коркунуч келтирбеген кылмышкер катары саналып, соттолгон жаран болуп эсептелет.

Колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде "адам өлтүрүү" айыпталуучунун санкциясына ылайык мүлкүн конфискациялоо, 12 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган болсо, жаңы кодексте жашы жетелектер - 8 жылдан 10 жылга чейин, ал эми жарандар үчүн - 12 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген.

Ошондой эле колдонулуп жаткан кодексте биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылгандан тартып, он күндүн ичинде күчүнө кирсе, жаңы кодексте инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштамалар соттун өкүмү чыгарылгандан тартып 30 күндүн ичинде күчүнө кире баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: