super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик комитет Тажикстандагы элчи кызматына Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин жактырды (өмүр баяны)

 

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчиси кызматына Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин жактырды.

Депутаттар аны өз ишинде Кыргыз-Тажик чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Рустенбеков өз кезегинде аларга ыраазычылыгын билдирди. "Чек ара маселесинде жылыш жок болуп жатат, бардык маселелерди чечкенге бардык аракетимди жумшайм", - деди Рустенбеков.

Буга чейин 2014-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчиси кызматын Мирослан Ниязов аркалап келген. Ал эми Жаныш Рустенбеков Кыргыз мамлекетинин Түркмөнстандагы элчиси болгон.

Жаныш Рустенбековдун өмүр баяны

Ал 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1973-жылы Москва энергетикалык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1973-1975-жылдары "Кыргызглавэнерго" ишканасында инженер, башкы инженер болуудан баштаган.
1975-1977-жылдары – Ленин коммунисттик жаштар союзунда инструктор, сектор башчысы;
1977-1981-жылдары – Фрунзедеги Ленин райондук комитетинде Ленин коммунисттик жаштар союзунда биринчи катчы;
1981-1984-жылдары – Кыргызстан коммунисттик партиясынын Ленин райкомунда өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
1984-1987-жылдары – Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитетинде партиянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчи орун басары;
1987-1992-жылдары – Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аткаруучу комитетинин башчысы;
1992-1993-жылдары – Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратында мамлекеттик катчылык менен аппарат жетекчилигин бирге алып кеткен;
1994-1995-жылдары – Мамлекеттик катчы;
1995-1996-жылдары – Ош облусунун губернатору;
1996-2000-жылдары – Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору;
2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңеште Эл өкүлдөр палатасынын депутаты;
2005-жылы – Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу;
2005-2007-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министри;
2007-2011-жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси;
2014-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенип келген.

2018-жылдын 7-январында жубайы Айгүл Осмонова узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.
Кыргыз өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу элчиси рангы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: