super.kg logo
  Саясат  

"Күтүп жатабыз". Парламенттик комитеттин төрагасы ТИМдеги кемчиликтер эмнеге дале каралбай жатканын айтты

 

Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу маселе Башкы прокуратуранын жыйынтыгы чыккандан кийин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комитеттин төрагасы Исхак Пирматов айтты.

"Коопсуздук кеңеши материалдарды Башкы прокуратурага тапшырган. Коомдо резонанс болгондо биз маалыматты алганбыз. Прокуратурадан териштирүүнүн жыйынтыгы келген соң биз күн тартибине коюп бул маселени карайбыз", - деди Пирматов.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кемчиликтерди атап берген. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар, чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик жолу менен жеткирүү фактылары, чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломатиялык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем, тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деген мурдагы элчи.

Президенттик аппараттын алдындагы Коопсуздук кеңеши элчи Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтканы аныкталганын моюнга алган.

Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына: "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий баш паанек сурап кайрылдым", - деп жазган. Жогорудагы пост жарыялангандан көп өтпөй Кылычбек Султан элчи кызматынан бошотулган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: