super.kg logo
  Саясат  

Депутат Асылбаева: "Экономика министри Олег Панкратов кызматынан кетиши керек"

 

Экономика министри Олег Панкратов кызматынан бошотулушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева айтты.

Депутат билдиргендей, Олег Панкратов жетектеген экономика министрлигинин ишинде жылыштар жок.

“Биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн учурдагы министрге ишенип тапшырууга болбойт. Министр өз ишин толук аткарган жок. Аталган мекеменин ишинде эч кандай жылыштар жок. Бүгүнкү күнгө чейин эски систем, реформа жасалган эмес. Бул тармакта чечилбеген суроолор көп. Экономика министрин кызматынан бошотууну сунуш кылам. Министрликке өз ишин мыкты билген адамды алып келүү боюнча кат жолдошубуз керек. Комитет мүчөлөрү бул сунушту колдоп берсеңиздер, биздин катчылык өкмөт башчыга токтомду жөнөтсүн”, - деди Асылбаева.

Экономика министри Олег Панкратов комитет жыйынына чакырылган, бирок ал келген эмес. Кечээ, 29-октябрда да Бюджет жана финансы комитети экономика министри жыйындарга келбей жатканын айтып, чара көрүүнү суранган кат жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: