super.kg logo

Дүйнөдөгү эң чоң аэропорт Стамбулда ишке берилип, биринчилерден болуп Түркия президентинин учагы конду

 

Дүйнөдөгү эң чоң аэропорттун ачылышы Түркиянын Стамбул шаарында 29-октябрь күнү болуп, анда биринчилерден болуп Түркиянын президентинин учагы конду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Стамбул Түркиядагы эң чоң шаар гана эмес, өлкө үчүн башкы бренд катары саналат. Ошондуктан биз аэропортту "Стамбул" деп атадык. Анын ачылышы Түркияга гана эмес, бүт дүйнөгө пайдасын тийгизет деген үмүттөмүн. Аба майданы толугу менен ишке киргенде "Ата-Түрк" аэропорту коммерциялык каттамдар үчүн жабылат. Ал авиациялык жарманке өңдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн ишин уланта берет", - дейт өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Аэропорттун жалпы аянты - 76,5 миллион чарчы метр. Курулуш боюнча тендерди "Limak-Kolin-Cengiz-MaPa-Kalyon" компаниясы утуп алган. Курулушунун биринчи этабына 6 миллиард евро бөлүнгөн. Курулуш иштери 4 жыл аралыгында жүрүп, 10 миңдей адам эмгектенген. Жаңы аба майданында учактардын учуп-конуусу үчүн 6 тилке, 500 учак үчүн токтоочу жай, 70 миң унаага ылайыкташкан унаа токтоочу жай болору пландалган.

Аэропорт ноябрь айында алгач ички каттамдар боюнча иш алып барары айтылууда. Анда Анкара, Анталия жана Измир шаарларына каттамдар болот. Ал эми эл аралык каттамдар Баку шаарына жана Түндүк Кипрге жасалат. Аэропорттун калган бөлүктөрү толугу менен 2023-жылы ишке берилери маалым болду. Аэропорт толугу менен ишке киргенде дүйнө жүзүндөгү ири аба майданы болуу менен, жылына 200 миллионго чукул жүргүнчүнү тейлеп, күн сайын 2 миңдей учакты учуруу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
30.10.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына прогресс, бизге да ушундай насип кылсын Кудайым!
30.10.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зерикпей ушунчасын жазыпсынар, суротторун кошуп койсонор болмок экен)
30.10.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоголуп кетесинго
31.10.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кооз экен
31.10.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текего теке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: