super.kg logo

SUPER TV: Атаандаштарын аяган Гүлжайна Атаканова, дөңгөлөккө урулган Тотомидин Жолдошов. Атактуулардын тоскоолдук тилкедеги таймашы "Zor Шоудо"

 

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Катышуучулардын шамдагайлыгын сыноо максатында бул ирет тоскоолдук аянты тандап алынган.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары боюнча таймаш өткөрүшкөн.

Бул ирет атактуулар арасында мелдеш өткөрүү үчүн тоскоолдук аянты тандап алынган. Ага ырчылар Тотомидин Жолдошов, Өктөм Сапар уулу, Мажит, Айдин Шер, Нуркыз Кожонова, Элзар Өскөнбаева, куудул Гүлжайна Атаканова, "Супер сулуу" сынагынын 2013-жылдагы жеңүүчүсү, модель Оруна Шабралиева катышты.

Катышуучулар "Тентектер" жана "Алга" деген 2 командага бөлүнүп, алгач тоскоолдук тилкесинде эстафета түрүндө жарышка түшүп, андан соң таяк тартыш боюнча күч сынашты. Оюндун жүрүшүндө Өктөм Сапар уулу менен Нуркыз Кожонова мындай мелдешке биринчи жолу катышып жаткандыгын айтышса, Тотомидин Жолдошов чуркап бара жатып кулап кетти.

Ал эми Гүлжайна Атаканова атаандаштарын аяп жатканын айтса, модель Оруна Шабралиева атаандаштарынан кем калышпай таймашып, өзүнүн шамдагайлыгын көрсөтө алды.

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди, кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.


кошулду





Атаандаштарын аяган Гүлжайна Атаканова, дөңгөлөккө урулган Тотомидин Жолдошов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
30.10.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атаканованы атактуу дегендер жанылышасынар,элге таанымал десенер бир аз жарашчудай.
30.10.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоскоолдуктарды актап сырдатып албапсынар атактуулардан!
30.10.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
делать нечего буларга
30.10.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атаканова красавица экен го.
30.10.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сүрөттөрдү көрүп, тартынып жаткан турник темирлерин боёгу өчүп кетиптир ойногон жерлерида абалы начар. Кыргызстан жакыр өлкө болуп калдык.Жаштар жакшы окуп өлкөбүздү өнүктүрөлү.....
Жазса сөз көп....
Сөздү коюп ишке өтөлү.....
30.10.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пиар, суротко тушуш учун эле чогулушат экен да.
31.10.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орунгул- Оруна )))
31.10.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
только негатив суйлогондон башка билбейт экенсинер да
31.10.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турниктердин кебетеси кантет
02.11.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги өзүнөн биринчи эле кирпиги көрүнүп, кирпиги чачынан да узун болгон кыз ким экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: