super.kg logo

Аида Касымалиева айтып чыккан маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эскертүү берилди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып чыккан маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эскертүү берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

"Башкы прокуратура Аида Касымалиева тарабынан айтылган Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бөлүнгөн каражаттарды башка максатта колдонуу фактысы боюнча текшерүү жүргүздү.

Анын жыйынтыгы боюнча, 12-октябрда аталган министрлик тарабынан Финансы министрлигине социалдык жөлөк пулдарды төлөөдөн үнөмдөлгөн каражаттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн 2018-жылга чыгашалардын тизмесин өзгөртүүнү сунуштаган кат жиберилгени аныкталды.

Бюджет кодексине ылайык, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каралган эмес. Буга байланыштуу министрлик жиберген чыгашалардын тизмесин өзгөртүүнү сунуштаган кат негизсиз жана мыйзамсыз болуп эсептелет.

Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мындай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүү жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: