Ошто сот аткаруучулар менен жатакана жашоочуларынын ортосунда чыр чыкты



Ошто сот аткаруучулар менен 4 кабаттуу жатакананын жашоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Мындан улам 3 адам эсин жоготуп жыгылды.
Ош шаарындагы Касымбекова 4А дарегинде жайгашкан 83 батирлүү көп кабаттуу үйдө эки тараптуу талаш токтой элек. Ал жерде жашап жаткан жарандар үйдөн чыгарылсын деген чечимди Жогорку Сот чыгарган. Бирок жашоочулар сот чечимине нааразы. Бүгүнкү күндө сот аткаруучулар тургундарды үйдөн мажбурлап чыгарууга аракет кылууда.
Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов SUPER.KG порталына билдирген маалыматына таянсак, Ош шаардык соту 2010-жылдын 31-декабрында Ош шаарынын Касымбекова көчөсү №4 дарегинде жайгашкан Ак-Мөөр санаториялык-профилакториясынын имаратында жашаган 84 жаранды башка турак-жай бербестен чыгаруу чечимин кабыл алган. Аталган чечим батирлердин жашоочулары тарабынан бир нече жолу апелляциялык, кассациялык тартипте каралып, 2017-жылдын 9-августунда Жогорку Соттун токтому менен шаардык соттун чечими күчүндө калтырылган. Бүгүнкү күндө соттун чечимин аткаруу боюнча иш Ош шаардык Сот аткаруу кызматына берилген.
Ошто сот аткаруучулар менен жатакана жашоочуларынын ортосунда кагылышуу болду




1 |