super.kg logo

Парламенттин комитет жыйынында айыл чарба министри менен депутат кайым айтышты

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев депутат Эльвира Сурабалдиеваны факт менен сүйлөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

Депутат Сурабалдиева дыйкандарда суу тартыштык көйгөйү бар экенин, аталган министрлик тиешелүү маселелерди чечпей жатканын билдирди.

Министр Нурбек Мурашев көйгөйлөр, маселелер чечилип жатканын белгиледи.

“Кайсы айылда суу жетпей жатыптыр, так, факт менен айтыңыз. Биз деле убагында депутат болгонбуз, азыр да элди кыдырып турабыз”, - деди Мурашев.

Сурабалдиева министрге Чүй аймагындагы айылдарды биргеликте кыдырып келүүнү сунуштады.

“Чүй аймагын чогуу кыдырып келели. Мен так эле Чүй облусунун айылдары деп айтып жатам. Сиз депутат менен сүйлөшүүдөгү кызматтык мамилени (субординация) сактасаңыз. Экономика министринен кийинки кете турган талапкер сиз болуп калбаңыз. Эшикке миңдеген дыйкандар келгенде жооп берүү кыйын болуп калат”, - деди Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
30.10.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында чуй ороонундо суу маселесин карап берсенер жакшы болмок
30.10.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суунун башында туруп менин айылымда деле жазгысын суу жетишсиз! кандай факты керек сизге министр мырза?айылга мени менен барып жазы бою иштесениз коросуз факты эмес башкасын да уруш талаш мушташ толтура болот.
30.10.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурашов озу иштей албайт кресло кайтарбай ордун чыныгы иштей турган адамга берсин.
30.10.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э бул деген Мурашев криминалистда кетириш керек бул эргулду дагы букадай болуп семириптир жарылайын деп эле калыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: