super.kg logo

Бүгүн Бишкекте Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат

 

Бүгүн, 30-октябрда ырчы Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат. Учурда түгөйлөр достору, курбулары, жакындары менен Бишкек шаарынын четиндеги эс алуучу комплексте сейилдеп жүрүшөт. Алардын жакшылыгындагы кубанычы менен бөлүшүү үчүн чыгармачылыктагы достору да келген. Анын арасында рэп ырчысы Добр, ырчылар Ильяз Андаш, Кайрат Примбердиев жана анын жубайы, ошондой эле шоумен Манас Алыкулов жана башкалар бар. Алар түгөйлөрдүн нике күбөлүгүн алганга күбө болушту.

Кечинде үйлөнүү той шаардагы ресторандардын биринде улантылат.

Эске салсак, 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта. Түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайында сүйүктүүсү менен чогуу Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган.

Түгөйлөрдүн үйлөнүү тоюнан кызыктуу көз ирмемдерди "Супер-Инфо" гезитинин кезектеги санынан окуй аласыздар. Мындан тышкары кененирээк видеорепортажды SUPER.TV'дан көрө аласыздар.






Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү үлпөтү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
30.10.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тойуңар кут болсун!бирок кичинекей балдардай болбой токторок болгулачы
30.10.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат былтыр чачын байла Ваенганын куйосун туурап журду эле быйыл Лепсти туурап алыптыр.
30.10.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жубайын ушундай той менен албаса керек эле 40 ка чукулдап калганда жон эле ... каарыганда калжандаган артисстер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: