super.kg logo

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: "Кулматовду абакта калтыруу соттордун бийликтен келген тапшырманы аткарып жатканын далилдейт"

 

Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовду абакта калтыруу соттордун бийликтен келген тапшырманы аткарып жатканын далилдейт. Мындай пикирин SUPER.KG порталына Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жарандык адвокаты Токтайым Үмөталиева билдирди.

"Кубанычбек Кулматовго карата ачылган иш боюнча 6 айдан бери бир дагы далил материалдар жок. Артур Шадыбеков деген тергөөчү "биз материалдарды издеп жатабыз" дейт. А эмнеге издеп таап туруп камабайт? Материалдарды таап, экспертизадан өткөрүп, баары далилденсе анан камаш керек да. Шадыбековдун кандайча УКМКга келип калганы таң калтырат. Ал бир нече жарандын үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алганы далилденген. Ага карабай бул баланын кайра УКМКга келгени бир нече шектүү ойлорду жаратат.

Бүгүнкү үч соттун экөөсү мурда бул ишти караган. Аларга ишеним көрсөтпөө боюнча арызыбыз канааттандырылган жок. Андан соң сотторго жогору жактан тапшырма келбегени чын болсо бул ишти кароодон баш тартуусун сурадык. Президенттин аброюн сакташ үчүн жок дегенде өздөрү баш тартыш керек эле. Тилекке каршы, андай да болгон жок. Демек, мунун баары соттор бийликтен келген тапшырманы аткарып жатканынын далили болуп эсептелет", - деди Үмөталиева.

Белгилей кетсек, Жогорку Сотто 30-октябрда Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочусунун арызы каралып, канааттандырылган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.10.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл сүйлөсө да ушул Токтайым эжекебиз сүйлөбөй эле койсо. Кулматов 50 млн. сомго бүтө турган мектепти 450 млн. сомго салган. Кантип анан коррупция жок болсун анын ишинде. Же Калыс-ОРдодогу мектептин чатырына алтын жалатканбы? Кыргызстанда заманбап мектептер 70 млн. сомго курулуп жатат, кымбатка турганда. Элди эмне мал ойлойсунарбы
31.10.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтайым Кубанычбек Кулматовго жан тартып калганына караганда Кулматов мектеп салуудан жеген акчадан Токтоайым менен бөүшкөн окшойт. Же бул эжебиз Кулматовго кошматтанып адвокат болоалбай жүрөбү.
31.10.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул сүйлөбөй эле койбоптур. Ош окуясында гумпомошко барган ундун 2машинесин бөлүп сатам деп аракети ишке ашпай калган. Дагы бетин тамак кылып президент болом деп чыкканына өртөнөсүн.АШАнын арам тамактарынан бир аз оозантып койушкан окшойт.Дагы укук коргоочу имиш.Сенин ойуң сөзүң менен эшектин тушагы да чечилбейт.Жантөрө Сатыбалдиев экөөң 2010 жылы өлгөндөрдүн үстүнөн шылдыңдап акча жегенсиңер.Сен камалбаганыңа сүйүнүп оокатыңы кылсаң.Карыганыңда куйругуңду шыйпаңдатпай.Сени итче да көрбөйт
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-31 11:24:15
31.10.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкасы сүйлөсө дагы ХХХХХХХ Кулматовдун адвокаты болуп кеткенго. Ал деген жеткен жегич.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-31 10:46:41
31.10.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул катын корунгон жерден окоптон чыга берет экен да, президенттик шайлоодон калбайт.
31.10.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу катындын куйоосу бар бекен деги куйоосу болсо бир аз тыйбайбы качан болбосун чыга калат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-31 14:35:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: