super.kg logo

"Өзү суранды". Икрамжан Илмиянов УКМКнын СИЗОсундагы жалгыз адам отуруучу камерага которулду

 

Икрамжан Илмиянов өзүнүн өтүнүчү менен УКМКнын СИЗОсундагы жалгыз адам отуруучу камерага которулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KGˊге тастыктады.

"Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Икрамжан Илмиянов өтүнүч менен кайрылган. Анда ал аны жалгыз отуруучу камерага которууну суранган. УКМКнын СИЗОсунун жетекчилиги анын өтүнүчүн канааттандырды. Учурда ал башка камерага которулду", - дейт Сулайманов.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.

29-октябрда "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп тараткан. КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.10.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыркы 6 жылда кызарган жердин баарына көз артып, эбегейсиз байлык топтогон Илмияновдун Максим Бакиевден ашып түшкөнү күн өткөн сайын ачыкка чыгууда. Андыктан өнөр адамдарынын чөнтөгүнө чейин “колун салган” мындай ачкөздөр жоопко тартылышы керек.
30.10.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анын Аташкасын камаш керек ал качан камалат Соке брат.
30.10.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Авторитеттер менен олтурганга шоопур аванын стопчиги жанып атат окшойтко дейм
30.10.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
17:53догу кабарыныздардын талкуусу жабык экен. Мен бул жакка жазууну туура кордум. Мугалимдин айлыгын которбосонор которбогуло, биз суйуп тандаганбыз, ошол кесипти. Ачка калсак да мугалим болуп иштей беребиз.
31.10.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармалган адам такыр окшобойт го Илмияновго .
31.10.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а эмне башкалар мн чогуу отургандан коркуп атыптырбы, отура бербейби. же эмне ал жактан да талтандап эркелегениби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: