super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Таш-Көмүрдө 9 ай ичинде 568 жолбун ит атылды. Дагы текшерүү жүргүзүлөт"

 

Буга чейин "Элдик кабарга" Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында жолбун иттер көбөйүп кеткендигин окурман маалымдаган. Ал өзүнүн билдирүүсүндө, шаардын көчөлөрүндө, жадакалса сейил бактарында иттер көбөйүп кетип, балдарды сыртка чыгаруудан, мектепке жөнөтүүдөн коркуп жатканын айткан.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Таш-Көмүр шаардык мэриясына кайрылды. Вице-мэр Айнакан Темирбаева бул абал көзөмөлдө экенин айтып, шаардагы жолбун иттердин көбөйүшүнө кайрадан кароо жүргүзүлөрүн белгиледи.

"Ушул жылдын 9 ай аралыгында 568 ит атылган. Аны атып, атайын жайларга көмүүгө 90 миң сом каражат сарпталды. Мындан тышкары үйдөгү ит-мышыктарды эмдөөдөн өткөрөбүз. Бул жыл ичинде 1 миң 196 ит эмдөөдөн өттү. Жыл башынан бери иттерди атып бергиле деп 139 адам кайрылып, алардын өтүнүчү аткарылды. Мындай жумуштарды Муниципалдык менчик департаменти аткарат. Ит атууга жылына 100 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.

Акыркы жолу жолбун иттерди атуу ушул жылдын 18-октябрында жүргүзүлгөн. Ошондой эле 15-сентябрдан 15-октябрга чейин кутурмага каршы бир айлык жарыяланган.

Сиздерге кайрылган тургун кайсы аймакты айтканы аныкталат. Анткени жакында эле иттер атылган эле. Көбөйүп кетүүсү мүмкүн эмес болчу. Андан кийин ал тургун айткан маселе боюнча аталган департаментке тапшырма берилет. Бизге Аксы жакын, балким, жолбун иттер ошол жактан келген болушу мүмкүн. Мындан улам сейил бактарды, ачык жайларды кайра кароо жүргүзүлөт", - деди Темирбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
30.10.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аксыга асылбаныз,силерге жакын Аксынын айылдарында жолбун ит жок.Озунордон эле чыккан иттер,свалкаларда жуздогон иттер журот го.Озунордон эле кароосуз таштаган иттеринер.Биздеги иттер "Ташкомурго кеттик" деп суйлошуп алып кетмек беле??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: