super.kg logo

Баткендеги 22 адам жабыркап, 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Буттары сынган 7 жүргүнчүгө операция жасалат

 

Баткен облусунда 17-октябрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болгон.

Учурда жол кырсыгынан жабыркап, ооруканада жаткан 7 адамга операция жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевге байланышканыбызда билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 2 адам оор абалда жатат.

"Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 адамдын абалы боюнча айтсам, кичине жылыш бар. Бирок абалдары оор бойдон калууда. Ал эми жол кырсыгынан буттары сынган 7 адамга жакынкы убакыт аралыгында операция жасалат. Операция качан жасаларын так айта албайм, себеби бейтаптардын абалына карайбыз. Ал үчүн тиешелүү анализдерди тапшырып, бейтаптарды көзөмөлдөп жатабыз", - деди оорукананын башчысы.

Эске салсак, 17-октябрда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам оор жаракат алганынан улам каза болуп калган.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
30.10.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсен аман жакшы болуп кетсин
31.10.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул маршруттук спринтерлерди окмот кичине козолмолго алса жакшы болмок аябай катуу анан встречкага чыгып бири бири менен аябай жарышышат жана башкаларга да правиланы бузуп помеха кылышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: