super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ирина Карамушкина: "Президенттикке талапкердин чет өлкөдөн акча алганы аныкталса, шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылышы керек"

 

УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина төмөнкүдөй жооп берди.

Ал президенттикке талапкердин чет өлкөдөн акча алганы аныкталса, Борбордук шайлоо комиссиясы сотко бериши керектигин айтты. “Борбордук шайлоо комиссиясы сотко бериши зарыл. Шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылып, жаңы шайлоо дайындалышы керек”, - деди Карамушкина.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматова, коомдук-саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: