super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Өткөн президенттик шайлоону каржылоо маселелери боюнча талкуу - бул саясий шантаж"

 

УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди.

Ал чет өлкөлүк ишканаларга президенттикке талапкердин фондун каржылоого тыюу салынганын айтты.

"Президентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 41-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар, ишканалар, чет өлкөлүк жарандардын катышуусу бар Кыргыз өлкөсүндө катталган компаниялар тарабынан талапкердин шайлоо фондун каржылоого тыюу салынган. Шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкер президенттик мандатты алгандан кийин кайсы негиздер менен ким шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарат же шайлоону жараксыз деп табат, мыйзамда жөнгө салынган эмес. Өткөн президенттик шайлоону каржылоо маселелери боюнча талкуу - бул саясий шантаж", - деди Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, коомдук-саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: