super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков: "Өсүп келе жаткан жаш балбандарга үлгү болгонго аракет жасайм" (маек)

 

Бүгүн, 30-октябрда Венгрияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда катышып, күмүш медалын тагынган Жоламан Шаршенбеков мекенибизге кайтып келди.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунда журналисттер, жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Балбандын кубанычы коюнуна батпай, толкунданып, ийгилиги тууралуу айтып берди.

- Мелдеште алтын медаль утуп келип, Кыргыз элимди сүйүндүрөм деп ойлогом, бирок ал ишке ашпай калды. Бул Алланын буйругу экен, тилегим орундалбай калды. 2-орунду ээлегениме ыраазымын, кийинки мелдештерде алтын медаль алып келем деп үмүттөнөм.

- Кандай сезимдер болду жана финалдык беттеште эмне жетпей калды деп ойлойсуң?

- Финалда мага тажрыйба жетпей калды. Ошондой эле өзүмдүн катачылыктарымдын үстүнөн көп иштеш керек болуп жатат. Дагы көп эмгектениш керек. Сезимдеримди сөз менен айтып бере албайм, аны сезген гана адам түшүнөт деп ойлойм.

- Бул мелдешке кандай даярдык көрдүң?

- Мелдешке мени агайым Хаким Махмудов көптөн бери даярдап келе жатат. Күн сайын машыгууларды жүргүзүп, талыкпай эмгектенебиз. Алгач Хаким агайыма, андан соң өлкөбүздүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эримбековго жана анын жардамчысы Улукбек Карачолоков агайга чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өлкөбүздүн курама командасына кирип, көп нерсени үйрөндүм, бул жакта агайлардын салымы абдан чоң.

- Азыр 19 жаштасың жана өлкөбүздүн атактуу балбаны Канатбек Бегалиевдин катарын толуктадың. Бул жагдай ар түрдүү жоопкерчилик менен коштолгон. Сен ага даярсыңбы?

- Өзүмдү эл арасында жөнөкөй алып жүргөнгө аракет кылам. Ошондой эле өсүп келе жаткан жаш балбандарга үлгү болгонго аракет жасайм.

- Финалдык беттешти эсепке албаганда, кайсы атаандашың сен үчүн күчтүү болду?

- Финалдык беттеште, албетте, атаандашым абдан күчтүү болуп, тажрыйбасы дагы өтө көп экен. Бирок аны эсепке албаганда жарым финалдагы түркиялык атаандашым мыкты күрөшөт жана анын тажрыйбасы бар деп айта алам.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Жоломан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: