super.kg logo

Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик экспертизанын жыйынтыгы 2 аптадан кийин чыгат

 

Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 2 аптадан кийин чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

"8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 1-2 күндө даяр болуш керек болчу. Бирок балдар менен иштеген дарыгер жана психологдор аз болгондуктан анын жыйынтыгы кечигип жатат. Болжол менен 2 аптага жакын убакыттын ичинде экспертиза даяр болуусу күтүлүүдө. Учурда кыз менен психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда. Алардын берген тыянагына ылайык, кызга карата атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалганы же жасалбаганы аныкталмакчы. Бул чечим кыздын атасынын мындан аркы жашоосуна чоң таасири тие тургандыктан дарыгерлер бардык берилген суроо-жоопторду, кыздын психологиялык абалына баа берип, кылдаттык менен жыйынтык чыгаруусу керек. Бул нерсеге убакыт талап кылынууда", - деп маалымдашты милициядан.

Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген. Буга чейинки дайындалган экспертизалардын биринен 8 жашар кыздын кыздык белгиси бузулбаганы белгилүү болгон. Ал эми кыздын атасы "кыйноо" беренеси боюнча айыпталып камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.10.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын апасы артын жабыш учун ото балит шоу уюштуруп жатат
31.10.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба апасы озу ойноп кетип эле,куноону куйоосуно коюп атат.Кандай кызынын тагдырын ойлобой ушундай иш кылып атат ?
31.10.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тергоочулор Ким кобуроок акча берет экен кутуп отурса кк да.
Кыздын психологиясын эки саатта аныктаса болот,кошуналарын Бир кундон сураштырса эле жетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: