super.kg logo

Жалал-Абадда жаран баңгизат менен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жараны үйүнө жана унаасына баңги затын сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октбярда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган учурда милиция кызматкерлери текшерүүгө алышкан. Унаага тинтүү жүргүзүү убагында салондун алдыңкы айдоочу отурган төшөлгөсүнөн көк түстөгү целлофанга оролгон баңгизат табылган. Ошондой эле далил катары бир даана тамеки, 1 даана скотч менен ширенке жана клей алынган.

"Кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, шектүү М.Б.нын үйү да текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында шектүүнүн үйүнөн 105 грамм өлчөмүндөгү баңгизат, ошондой эле аны даярдоого колдонулган буюмдар табылган. Учурда алынган буюмдар химиялык экспертизага жөнөтүлүп, шектүү Тогуз-Торо райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: