super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт"

 

Мамлекеттик мекемелерде бала төрөлүүдө эч кандай акча алынбайт. Бул тууруалуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат кетерин сурады.

“Бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат алынат. Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды?” - деп Сабиров министрликтин өкүлүнөн сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: “Мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көгөйлөр бар.

Бүгүнкү күндө 5 кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталган”, - деди.

Депутат төрөт үйүндөгү коррупция жоюлбай жатканын айтты. "Мен буларды эмне үчүн сурадым? Бүгүнкү күндө бир баланын төрөлүшү үчүн 15 миңден кем эмес акча төлөнөт экен. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар”, - деди депутат Максат Сабиров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(36)
31.10.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жомокту айтпасынчы
31.10.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эээч ушу сиз айткандай бекер карабайтда урматтуу министр! Бекердин атасы олгон..
Ошто Черемушкадагы роддомго бир келип кетинизчи, анан айтасыз канадай экенин..
31.10.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Босогодон аттаганда эле башталат,акча бермей,эгер торотканада таанышын болбосо.
31.10.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кайсы планетадан келдиң Кыргызстанга?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-31 14:29:25
31.10.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жумгалда тороп жатып ошол кыйналып журуп бере турган акчам жок эле кош конул мамиле кылып баламды тынчытып койуштуго,Суу кетип толгосу жок эле суу кетип жатат десем жат деп жата бериптирмин суусу кургап байкушум чарчап калды бираз акча берген болгонумда жок дегенде кесерово сечение менен болсо дагын сактап калышмак ушунчалык козунун кыры менен карашып мени. Силер билип билбей ал бекер бул бекер дей бергегилечи
31.10.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
xnurgul_gul,ошол кезде 1чи балам болчу анча опут жок эле.Бирок бишкекте учётко турган жеримде айткан суу же кан акса соссуз дарыгерге кайрыл деп кийин айылга барып (Чаек )суу Кетип жатат деп кайрылсам али даяр эмес экенсин деп 1,5сутка жаткызып койушкан бири да келип сурашкан жок 1,5кундон кийин толгоом башталды коз жардым балам копкок болуп ыйлабай толролду алып чыгып кетишти дем алдырышыбыз керек деп 8сааттан кийин чарчап калды тумчугуп калыптыр суусу жок
31.10.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Апеей ушундай иштебегенди билбеген министрге жол болсун. Роддомдордогу врачтар алкымы араандай ачылып ооздору жабыш кыйын болуп калганын байкем билмексенге салат го. Чотурун алып жаткандыр,тобооо ушундай да калпычы болот экен да, роддомдо акча бербесен балан торолооруно кепилдик жок,жадакалса санитаркалар акча аплып калган, акча бергенди киргизип баланы которуп чыга калып акча алып. Чачым тик турдумда бул маалыматты окуганда ужааааас соз жок
31.10.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тескерисинче.
31.10.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каратаев ордуңду бошотуп кой,сен эч нерсе билбейт экенсиң.
31.10.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бардык куноо врачтар менен старшийлерде.Анан эле тороткон да акушерка жаман атты болгон да акушерка.Же кыйратып айлыктарын которбойсунор.Врачтардын айлыгы мн бирдей кылып койсонор ошондо кичине онолмокпуз.
31.10.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
-Sumitra-,акушерка эмес пол жууган санитаркалар дагын алат го
31.10.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Торогондон кийин кирейин десен санитаркалардан бери акча тилешет
31.10.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Паталогия менен төрөсөң көп эле акча кетет,бербей койсоң өлдүң дей бер.Булар өздөрү бөлүшөт да,же түш көрүп чочуп ойгондубу?
31.10.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакындарын келип калса бироо жарым иииййй сага иштетпей турган эле озу керек неоселерди алдырып алышат капкаякташы дарылар жидкий мыло салфетка аны иий аялыма экен деп алып келип беришет аны сага даже корсотпойт дагын
31.10.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
xnurgul_gul,ой мен да дал ушуну жазайын деп жаткам.
Туугандарын кабар алганы келсе,бир кагаз толтура
жазып беришет экен,төрөгөн келинге,алейине колдонобуз деп.Аны ошондон нары дым кылышат.
Сүйүнчүгө акча,орогонүна акча,баланы көтөрүп түшкөнү акча,эмдегени акча,выпискага акча,анализге акча,акча,акча баары акча!!!!!!
Министир кайсы оозун менен ойлонбой орок оруп
жооп берип олтурасын!!!
31.10.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир баланы тороп аман эсен колуна алыш учун 13мин 14мин кетет эн кеминде дагын озу чыгып келаткан баланы разрыв кылып ийишсе кестик тиктик деп андан дагын кобуроок кетет
31.10.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билип ал эээй министр сен билбейт окшойсун сенин аялына тууган уругуна бекер болушу мумкун карапайым каллка бекер эмес билип жургун уят болот
xnurgul_gul түзөттү 2018-10-31 14:41:49
31.10.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндө акча сопсонун эле алынат. Врачка 1000 сом, медсестрага 300 сом, санитаркасына 500 сом, детский врачына 300 сом сурап жатып алышкан. Бул факт. Кишини алдап коюу оңой. Бирок, Кудайды алдай албастыгын жүрөгүнөн сезе алышпайт окшойт. Төрөт канада кароо начар. Акчадан сырткары жидкий мыла, салфетка, ак сурп (материал), төрөт үйүнөн чыгаарда балаңды ороп бергени үчүн 200-500 сом, ар бир берген тактамасына 50-100 сом.
31.10.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бу Ак үйдү, министрликтерди ушул Кызыл-Кыяга көчүрүп келсек окшойт... Бир нерсе билесиңерби өзү ооо кресло ээлегендер! Элдин арасындагы өлүм-житимдердин болуусуна ошол атың өчкүр акчанын бар же жок экенин түшүнөсүнөрбү деги? Нервти эле кашайтасыңар да... Буррррррап, мыжжжжжжжыгып эле таштаса буларды. Галстукту тагынып алып эле кооз сүйлөгөндө не пайда? Калп эле кызматты ээлеп, айлыкты алып, мите-курт болуп жеп жатасыңар да. Ээээээ бар ээээээ... Сөз деле айып силерге...
31.10.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Роддомду аттап киргенден башталат го акча сурамай анысына мунусуна тигинисине торотконго 100$ бересиң анан санитаркасына 1000 сом ал жерде аралашып жүргөндөрү ачык эле сурайт акчаны бербесен карабайт и то бул мындан 7 8 жыл мурун андан бери дагы көбөйдү болуш керек вообще уялбай ачык эле сурайт мынанча сом бересиң деп эгер бербесен карабай таштап кетип калышат өзүм өлсөм өлөйүн баламы карасын деп беребиз чыгып келе жатканын эми айтпай эле коёюн босогого коздорун жалдыратып туруп алышат сагалап
31.10.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары жумуштан кетсин уялбай кайсы бети мн айтып жатат акча алынбайт деп же эмне элдерди шылдындап жатканыбы куйбогон жерини кул кылат го өз колубуз мн эсептеп акча беребиз бербесен карабайт өлөйүн деп жанын оозуна кептелип калса да карашпайт бербесен эмне кылып аласын дегенсип мыйыгынан жылмайып көзүнүн кыйыгы мн карап ары басып бери басып жүрө беришет кочукторун чайпап акча берсең хандын аялын тороткондой торотот го
31.10.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ноокат,кызыл кыяны айтып отушуптур,мен областной роддомго оштогу 2014 жылы суйунчу деп 3.4мин анан чыгып атканда кагазына,ороп бергенине баары биригип 6.7 кеткен,кайдагы бекер торот...азыр мындан хуже болсо керек
31.10.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оозунуз кыйшайып калбасын калп айтканга кудайдан корксонуз боло ушундай жалганчыларды кантип Жогорку кызматтарга коюшат дейм да
31.10.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошону айтып ХХХХХХХ жепсин не элди келесоо деп ойлоп атасынбы? Элди алдай албайсын
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-31 17:32:10
31.10.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Министр озу деле берет тороп калса . Бул мыйзам слух учунда
31.10.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Калган депутаттар ушуну уккандан кийин жон эле унчукпай отуруп калыштыбы?! Ааа бекер экен деп суйунуп калышкан го,коррупция торотканадан башталат деген ошол болот,билип алгыла депутаттар. Баарынан пайда жок.
31.10.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул фактыны биле туруп, зам.министр калп айтса ошол калпычыларды иштей бер деген депутаттардын оздорун кошо бийликтен шыпырып тушуш керек.

Эч ким чара корбогону учун да каалаганын суйлоп, каалаганын кылып талтандап журушот да.....
31.10.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КНоокат, Кызыл-кыя, андан бери Кадамжайга деле бир келишип корушсунчу! Озу айткан жомоко озунон башка бир жан ишенбейт.
31.10.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупция торолгондон башталат,анан бала-бакча,мектепке киргенден буткучо,анан жогорку окуу жай,зачёт,экзамен,гос экзамен,диплом защита,анан диплом алгандан кийин жумушка кирейин десен $.Анан айла жок дипломду сейфке салып талаалап жумуш издеп,ботон эл,ботон жерде журушот далайы.
01.11.2018. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саламатсыздарбы кечиресиздер Ош обл Карасуу районунда канча кетет экен примерно? бугун эртен башталат эле да ошого сурап алайын...
01.11.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаныңды жегир жалганчы!!!
01.11.2018. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чоңдор эмне мынча төмөн түшүп калган?
Чиновниктер элди ойлобогону бул факт болот.
01.11.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лично мен 10000 сом бергем. Аялың ооруп жатса..балаң ыйлап жатса.. кантип бербей койсун.
Милицияга арыздансаң маскарлайт күлөт.. аялыы чыгара албай жатасызбы деп!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: