super.kg logo

Акыркы 9 ай ичинде 458 адам жол кырсыгынан каза болду

 

Акыркы 9 ай аралыгында 5 миң 118 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 458 адам каза болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы ыкчам изилдөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын ага прокурору Максат Камбаралиев 31-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Ага прокурордун айтымында, жол кырсыктардын көпчүлүгү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында катталган.

"Жалпы 5 миң 118 жол кырсыгы катталса, андан 6 миң 299 адам жаракат алган. Ал эми каза болгондордун саны 458ге жеткен. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы катталып, 62 бала каза болгон.

Жол кырсыктарынын негизинде 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710 факт боюнча иш козгоодон баш тартылган. 147 факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деди Камбаралиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: