super.kg logo

Депутат үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө студенттер алуучу стипендияны алып салууну сунуштады

 

Депутат Айсулуу Мамашева үй-бүлөнүн жалпы кирешесинен студенттердин стипендиясын алып коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда парламент жыйынында айтты.

“Бир студенттин алган стипендиясынын көлөмү 800 сомго чейин эле экен. Үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө бул стипендияны эсепке албаш керек. Себеби стипендия алып окуган студенттер бул “5” деген баага окугандар, андайлар аз эле болот. Стипендия - студент үчүн стимул бере турган каражат”, - деди Мамашева.

Жөлөк пул боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдын демилгечиси Кенжебек Бокоев да бул сунушту колдоп, эске аларын билдирди.

“644 студенттин стипендиясын үй-бүлөлүк кирешеден алып койсок, бюджетке оорчулук деле келбейт”, - деди Бокоев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин маалыматы боюнча, өлкөдө 244 миң бала жөлөк пул алат. Алардын ичинен 644 бала стипендия алып окуйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.10.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Студенттердин стипендиясына тийишпей эле ,Мамлекеттин эсебинен саякаттаган чиновниктердин саякатын кыскартса жакшы болмок
31.10.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекерчилер толтура проблемалар турса стипендия эсептегенинерге баракелде!
31.10.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булолордун кирешесин эсептеп эмне кыласынар,ар Ким алына жараша тиричилик кылып атат,же силер жумуш менен камсыз кылбасанар,же норм,айлык берет албасанар
31.10.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай адамдары шайлап алгансынар , эми буларга кылаарга иш жокпу,ыйлагыны келтиретко которгон проблемаларына, уууф
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: