Ысык-Көлдө жаран 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды
Ысык-Көл облусунда жаран 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга облустагы реабилитациялык борбордун кызматкерлери арыз менен кайрылган.
"Борбордун кызматкерлерине 13 жаштагы кыз 2015-жылы өгөй атасы тарабынан эки жолу зордуктоо болгонун айткан. Анын бирөө апасы жокто, ал эми экинчиси туугандарынын үйүнө конокко барганда болгон. Ал эми медициналык экспертиза кыздын кыздык белгиси жабыркаганын аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, өгөй ата камакка алынды. Учурда тергөө жүрүүдө", - дешти облустук милициядан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Оо Аллахым ар бир пенденин журогуно ыйман бере кор.