super.kg logo
  Саясат  

Канат Исаев: "Мамлекеттик ишканалардын жетекчилериникиндей айлыкты президент, премьер-министр, спикер дагы албайт"

 

"Мамлекеттик ишканалардын жетекчилериникиндей айлыкты президент, премьер-министр, спикер дагы албайт", - деп кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Канат Исаев билдирди.

Депутат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевден мамлекеттик ишканалар боюнча кандай анализдер жүрүп жатканын сурады.

Түлөбердиев 99 мамлекеттик ишкана менен иш алып барып жаткандарын белгиледи. "2017-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин көлөмү 500 миллион сомго жогорулады. Бул чек эмес, дагы иштер журүүдө", - дейт фонддун төрагасы.

Депутат: "Мисалы, Ысык-Көлдөгү "Витязь", "Солнышко" мамлекеттик пансионаттары жылына 10 миң доллар таза киреше берди. Ысык-Көлдө бир коттедж 10 миң доллар киреше табат. Бул боюнча эки пансионаттын жетекчилерине чара көрүлдүбү?" - деп сурады.

Түлөбердиев "Солнышко" Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, "Витязь" Улуттук олимпиадалык комитеттин карамагына өткөрүлгөнүн белгиледи.

Исаев мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин айлыгы 10 миң долларга чейин экенин баса белгилеп, мындай айлыкты мамлекетти башкарган адамдар дагы албай турганын айтты. Ошону менен катар эле ийгиликсиз иштегендерге чара көрүп, кийин мамлекеттик кызматка келтирбеш керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: