super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Төрөткө эле эмес, кош бойлууларды каттоого алгандан баштап акча алышат" дейт окурман

 

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "Мамлекеттик мекемелерде бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт" деп билдирген. Бул маалымат чыккандан кийин "ЭЛДИК КАБАРга" окурмандар байланышып, төрөтканада акча алынган учурлар тууралуу айтып беришти.

"Министр "Бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт" деп айтыптыр. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бала төрөтүү эмес, кош бойлуулар каттоодон өтүү үчүн келгенде эле гинекологдор 200 сом алышат. Себебин сурасаң "сен төрөгөнгө чейин келесиң. Келгениңде самын, салфетка кетет. Ошолорду алабыз" дешет. Алардын багыттамасы боюнча канымдын тобун аныктоо үчүн барсам, ал жерден 50 сом алды. Себебин "керектүү каражаттарды алабыз" деп түшүндүрүштү. Жадакалса СПИДге кан тапшыруу үчүн барсам ал жерден ийне үчүн 10 сом алышты. Муну кандай түшүнсө болот?

Кош бойлууларга акысыз деген нерсе сөз үстүндө эле калып калабы? Эмне үчүн эшиктердин сыртына бажырайта жазып илип коюшпайт. Айылда акысыз болушун билбеген канчалаган жөнөкөй айымдар сураган суммасын берип жатат. Бир күндө канча кош бойлуу айым каттоодон өтөт. Ал акчаларды чөнтөккө салып жатышат да. Керектүү каражаттарды мамлекет каржылап берет. Ошол жерде турган келиндердин баары акча төлөшкөнүн айтышты. Ошол суммадагы акча айрым келиндерде жок болушу мүмкүн", - дейт окурман.

Баткен облусунан дагы бир окурман кайрылып: "Төрөткө акча алышат. Баткен облусунун Лейлек районудагы төрөткананын сыртына "акысыз" деп жазып коюшканына карабай, ар бир төрөгөн аялдан 600 сомдон алып жатышат. Эмнеге десең, "самын, лампочкага" дешет. Ушул коррупцияны текшерген орган барбы?" - деди.

Бишкек шаарындагы №4-төрөтканада көз жарган келин кайрылып: "Төрөт акысыз деп айтылганы менен, ошол жакта иштегендердин баары тымызын акча алышат. Төрөгөн энени караган дарыгер, баланы караган дарыгер, төрөтканадан чыгып жаткандагы кагазды карматканыбы, пол жууганыбы фондго деген шылтоо менен акча алып турушат", - деп билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду





 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
31.10.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баткендин озуноле каттого турдум эч ким эчтеке сураган жок анализдер да бекер эле тапшырдымгоо.
31.10.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aisle, мумкун ар кайсы больница ар кандай чыгар? Мен деле учетко турганда 150 сом алышкан.
31.10.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баткендик эмесмин учетум жок болсо дагы бекер болду баары
31.10.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дордойдун поликлиникасына үч баламда тең туургам учётко
барганда эле 250сом алат учётко алганына
анан анализдерге тока кымбат жерлерге жиберет ошентип
биринчи турганда эле эки миңдейиң кетет узисида бар ичинде
анализ тапшырганы барсаң 20сом дейт щприцке
очеред жетпей калсаң кийинки таңга малкыга келишиң керек андада үлгүрбөсөң каласың
өздөрү убагынан кеч келет анализ алгандары дагы мен үчүн төрөйсүңбү күт дешкенида бар
анан 1чи родомдо киргенде эле обмен
31.10.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tmttmt,обменка ачканы 250сомдон башталат
чыкыча эсен аман бир топ эле акчаң кетет
бекер деп коё беришет иш жүзүндө бирида андай эмес
31.10.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде Ошто каттоого турганым учун 400с,анализдер 20сомдон,СЕСке анализ 450сом,кош бойлуунун картасына 200сом бергем.Кыскасы боюнда болгондон баштап торотканадан чыкканча акча да.
01.11.2018. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaika,туура ушундай факт менде ле
31.10.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бут эле акча . Берген жокмун дегендин баары калп.
31.10.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шылтоосу учетун жок. Каттоодо жоксун.
31.10.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочкор районунда учет,анализдер,узи бекер.Кудайга Шугур.Шаарга учетко тургу келбейт,анализдердин баасы 2000ге чейин барат дегенинен
31.10.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир адам оз укугунун билбесе ушундай корунушторго туш болот. Бекер деп турат кана деп талашсанар чонтогунорго колун салып акчанарды жулуп албайт,ар бир больницада министерствого чейин номерлер жазылып турат круглосуточно иштейт чалып айтсанар текшерип ит мышыгын чыгарып коет. Озунор да куноолуусунор мени жакшы карасын деп акча бересинер. Биринчи оз укугунду талаш,оз милдетинди бил,уйрон талап кыл! Самын салфетка кетет экен дебей айтпайсынарбы кана мени короордо колунду жууп атасынбы,
31.10.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Missing-u,же ар бир кагаз жазган сайын колунду жууп арчып турасынбы кана деп такыгыла унчугуша албайт,бер десе бере бербей. Учетун барбы жокпу,фактически жашаган жерине карап учетко койгону милдеттуу алар. Биринчи укугунарды талап кылып коргуло,талашкыла,тартышкыла анан жыйынтык чыкпаса арыздангыла. Врач,медсестра,поликлиникалар дагы текшеруудон коркуп турушат горячая линияларга чалгыла айткыла,унчукпай бере бербей!
31.10.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абаддын торот уйундода ошол корунуш.Ар бир торогону келген аял жидкий мыло,курук салфетка,порошок алып киришет.Киргенде ушуларды айтат.Бир кундо эле канчалаган аялдар тороп жатышат.Учетко турганда алган жок.Анализге спидге тапшырганда 20сом жол киреге деп сурады.Бердим.
31.10.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бербей койсоң ажалыңдан мурун өлөсүң.Айлыктарын көтөрүш керек,булар да үй бүлөөсүн багыш үчүн,жумуш ордун сактап калыш үчүн алат.Антпесе жогоорку жактагылар бат эле жок кылатта.
31.10.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош областтык торот уйундогулор ачык эле сураган менден куйоон келип берсин деп палатага чыгарбай койгон.
31.10.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омейй силер 250сомдорду айтасынар да мен Бишкеке 2012биринчи жолу учётко турганда 3000сомдой кеткен УЗИге жонотот 250 жидкий мыло салфетка перчатки общий
31.10.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадамжай райондук больницада да шыпырат го чиркин. Бир корунгонуно да акча алышат. Платная консультатция дешип. Роддомуна соз жок. Кесарево кылганга шашышат.
31.10.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжай району Алыш айылында да алышты менден.
31.10.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой балакеттей эле алат акчаны ач калганнемедей көздөрү кызандап калат го бир кызарган жерин болсо жулуп алчудай болуп тиги министр сорой кетсин жумушунан
31.10.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мамлекеттик деңгээлдеги министр болуп туруп кантип калп сүйлөп жатат эмнеге элдин энелердин койгойун чечпейт бул жерде министр өз ишин так аткарбаганынан даана кабар берет канчалаган бей күнөө наристелер энелер өлүп кетип жатат кайдыгерликтин айынан акча берсең карайт бербесен олсон өлүп кал дегендей мамиле жасашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: