super.kg logo

Ош жана Жалал-Абад облусунда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 142 адамга араба берилет

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайтарымсыз негизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 142 даана майыптар арабасын жардамга алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, мындай гуманитардык жардамды "Катар кайрымдуулук уюму" көрсөттү. Министр өз кезинде "Катар Черити" уюмуна кезектеги жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул 142 араба Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырылат. Ушул жылдын июнь айында да министрлик 100 араба Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ага муктаж болгон адамдарга таратып берген", - дейт министр.

Ал эми Катар мамлекетинин өлкөдөгү өкүлү бул уюм Кыргыз өлкөсү менен мындан ары да кызматташа турганын айтып, алдыда алардын ФАП, мектеп, оорукана жана башка социалдык объектилерди куруу пландары бар экенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: