super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Өлкө чемпиондугу: "Дордой" "Алганы" 7:0 эсебинде утуп, чемпиондукка дагы бир кадам жакындады

 

Бүгүн, 31-октябрда Өлкө биринчилигинин 27-туру орун алды. Анда Бишкек шаарында "Алга" менен "Дордой" жана "Илбирс" менен "Академия" командаларынын беттеши орун алса, Кара-Балта шаарында жергиликтүү "Кара-Балта" командасы оштук "Алай" менен беттешти. Ошондой эле Кочкор-Ата шаарында "Нефтчи" менен "Абдыш-Ата" командаларынын беттеши орун алмак, бирок аба ырайына байланыштуу бул беттеш башка күнгө жылдырылды.

"Алга" - "Дордой"

Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясынын талаасында "Алга" командасы "Дордой" командасын кабыл алды. Беттеште "Дордойдун" оюнчулары мыкты оюн көрсөтүп, Александр Крестининдин шакирттери 7:0 эсебинде жеңишке жетти. Беттештин 17-мүнөтүндө Мустафа Юсупов алыскы аралыктан сокку узатып, эсеп санын ачты. 21-мүнөттө Эрнист Батырканов талаанын оң канатынан айып аянтчага кирип коргоочулардын ортосунан топту Бекжан Сагынбаевге чыгарып берди, Сагынбаев дароо узаткан соккусу менен дарбазачыга тосуп алганга мүмкүнчүлүк берген жок. 2-таймда "Дордойдун" оюнчулары дагы 5 гол киргизди. Анда 59-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу айырмаланса, 74-мүнөттө Бекжан Сагынбаев 2-голун киргизди, 78-мүнөттө Эрнист Батырканов гол киргизсе, 89-мүнөттө Муролим Ахмедов эсепти 6:0 кылды. Беттештин акыркы мүнөтүндө Батырканов дагы бир жолу айырмаланып, эсепти 7:0 кылып койду. Муну менен "Дордой" футболдук клубу 7:0 эсебинде жеңишке жетип, упайлардын санын 62 кылып турнирдик жадыбалда 1-орунда жайгашууда. Ал эми "Алга" командасы 46 упай менен 4-орунда келе жатат.

"Кара-Балта" - "Алай"

Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү "Кара-Балта" Оштун "Алай" командасын тосуп алды. Беттештин 33-мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Келвин Инкум бурчтан чыгарылган топко биринчи жетип, башы менен узаткан соккусу менен эсепти 0:1 кылды. Беттештин акыркы мүнөтүндө "Кара-Балта" командасы пенальти тээп эсеп санын тең кылганга мүмкүнчүлүк алган. Пенальтини Виктор Кельм ийгиликсиз аткарып, командасын жеңилүүдөн сактап кала алган жок. Муну менен "Алай" командасы 57 упай топтоп 2-орунда жайгашса, "Кара-Балта" 13 упай менен 7-орунда.

"Илбирс" - "Академия"

Бишкектеги футбол борборунун талаасында жергиликтүү "Илбирс" Оштун "Академия" курамасы менен ойноду. Беттештин 37-мүнөтүндө "Илбирстин" оюнчусу Эрмек Нусубалиев эсеп санын ачып, 72-мүнөттө Эрзат Токтогалиев эсепти 2:0 кылды. Буга "Академия" командасы 87-мүнөттө Бектур Амангелдиевдин голу менен жооп бере алды. Бул жыйынтык менен "Илбирс" упайлардын санын 18 кылып, турнирдик жадыбалда 6-орунда жайгашса, "Академиянын" упайлары 9 бойдон калып жадыбалда 8-орунду ээлеп жатат.

Турнирдик жадыбал






Топ-Лига: Алга-Дордой. Кайрат Жыргалбек уулунун голу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 команда бир сезондо бири бири менен канча оюн өткөрөт???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: