super.kg logo

Шаардык сот Икрамжан Илмияновду камакта калтырды

 

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралды. Соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Муну менен Икрамжан Илмиянов 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Жактоочу Сергей Слесарев Илмияновдун камалышына негиз жок экенин айтты. "Аны мыйзамсыз кармап, УКМКнын СИЗОсуна алып келишкен. Ага чейин УКМКга суракка чакыруу алган эмес. Сот жана тергөөчүлөр кылмыш иши тууралуу кенен маалымат бербей жатышат. 5 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди.

Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.






Шаардык сот Илмияновду камакта калтырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
31.10.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илмиянов чын кармалганбы же жокбу?жок дегенде кармалып келгендеки бир сүрөтүн бетин жакындан көрсөтүп койсоңор болмок.Сакал мурутун деги алган экен.
31.10.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
150 мин доллар бул шеф менен шопурга зубачистка силер эмне эле кайран элдин мурдуна пок суйкоп жатасынар Казак окмоту айтып жатако 15 миллиард доллар недостачи деп эхх....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: