super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Саламаттыкты сактоо министринин орун басары өз убагында жарандарды кабыл албай, жыйын болуп жатат деп калп айтып коюшту" дейт окурман

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары өз убагында жарандарды кабыл албай, жыйын болуп жатат деп калп айтып коюшту. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министринин орун басары саат 16:00дөн 18:00гө чейин жарандарды кабыл алары жазылып турат. Бирок кабыл албай эл чогулуп, кезек күтүп калышты. Чогулгандар арасында ызы-чуу болду. Эртең министрдин орун басары К.Каратаев иш сапары менен башка жакка кетет экен. Эгер кетип калса Москвага кете тургандардын багыттамасына колу коюлбай калат. Учакка билет алынып калган. Күзөттө тургандарга "Эч ким кирбесин" дептир. "Жыйын болуп жатат" дешкен, бирок телеканалга маек берүү үчүн чыгып кетиптир. Бул боюнча эч кимге айтылган эмес. Элдин кабары жок болгондуктан, кечке күтүп турушту. Эч кандай жыйын да болгон эмес экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: