Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 38 даана көрнөк-жарнак алынды

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү эскирген жана талапка жооп бербеген 38 даана көрнөк-жарнак алынды. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июлда билдиргендей, рейд шаардын Ахунбаев, Абдрахманов, Шабдан баатыр, Жибек Жолу көчөлөрүндө жүргөн. Мындай иш-чаралар мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда. Бул иш-чара Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти, “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

