super.kg logo

Икрамжан Илмияновдун мугалими: "Икромжон", "кадыры жок кадр" деген сөздөрдү угуп, жүрөгүм ооруйт"

 

Икрамжан Илмияновго карата айтылган “Икромжон”, “кадыры жок кадр” деген сөздөрдү угуп, жүрөгүм ооруйт. Бизди сөзсүз эле чет жактан билим алып келгендер башкарышы керекпи?” - деп бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотуна Илмияновду үй камагына чыгаруу талабы менен чогулган анын тарапташтарынын бири Аким Таштемиров билдирди.

Таштемиров бир кезде Икрамжан Илмияновдун мугалими болгонун айтып, анын жаман иштерге аралашарына ишенбей турганына токтолду.

“Мен Икрамжан Илмияновду кичинекей чыт курсак кезинен бери билем. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан орто мектебин бүтүргөн. Илмиянов жашынан зирек, зээндүү, сабакты жакшы окуп, спорт менен машыккан бала болчу.

Мен дайыма байкайм, массалык маалымат каражаттарына ал тууралуу ар кандай каралоолор жарыяланып келет. Ал карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Жогорку билимдүү, диплому бар. Эгер акыл-эси болбосо, ушунчалык чоң кызматтарда иштейт беле?

Азыр интернетте коркунучтуу кылмышкерди кармап келгендей маалыматтар чыгып жатат. Мен анын жаман иштерин көргөн эмесмин. Анын күнөөсү бар же жок экенин билбейбиз. Тиешелүү адамдар териштирет. Массалык маалымат каражаттарына жазылып жаткан “Кадыры жок кадр” деген эң катуу сөз. Бизди сөзсүз эле чет жактан билим алып келгендер башкарышы керекпи? Менин оюмча, бизди карапайым үйдөн чыккан, элдин жашоо турмушун жакшы билген адам башкарышы керек. Президент болуучу адам асмандан түшмөк беле, ал деле учурунда шоопур болот, кой кайтарат”, - деди ал.

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун айаталуучуну 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
31.10.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Журогунузду бир "кадыры жок кадр"учун оорутуп эмне кыласыз? Ал соз да бекер жерден чыкпаган да. Окуучунуз болсо башынан бир аз кенеш бербеген экенсиз. Кыргыздын ырыскысын жеген кыргыздын душманы ал ким болбосун. Жакшы окуганбы же окууну бутпой эле "пешенеси ачылып кеткенби" бары бир кылганына жооп берсин
31.10.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаш кезде баары эле жакшы бирдей болот бирок акча бийлик адамды озгорторун билбейсизби
31.10.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сен жаман ишин корбосон эле жакшы болуп калбайтда же жакшы бир кылган ишин айтып бер
01.11.2018. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Силердин куйган фундаментинер да!Кыргыз эл жакшыны жакшы,жаманды жаман деп эле ылгай алат,кыргызды мурдуна бок суйкосо да билбейт дебегиле !
01.11.2018. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне белек алды болду экен,Баткенден бери келип колдогудай.
01.11.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уяты жоктор!бирдемке алып колу майланып калса чогулуп чыга калышат.Атамбаевдин учурунда Баткенде баардык кызматтарда Ильмияновдун адамдары коюлган.
01.11.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана эми мектептеги боюнча кала берсек.
01.11.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу улуулар калыстыктан тайбасаныздар куноолуу кишини коз коруноо актабай, оз эмгеги менен которулбогону корунуп эле турбайбы, шоферлуктан президенттин кенешчиси болуш аз убакыттын ичинде туш сыяктуу эле кеп да, президентке эмне деп кенеш берет машинаны андай мындай айданыз деп кенеш береби.
01.11.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчанын кулдары келиптир да атайын борборго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: