super.kg logo

Орусияда баласын өрттөп жиберген өзбекстандык жаран 19 жылга соттолду

 
Окуя жарандык никеде жашаган түгөйлөрдүн ортосунда келип чыккан чырдан улам болгон. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никедеги аялы менен урушуп кеткен. Андан кийин ачууланып короодо токтоп турган автоунаадан бензин куюп алып, күйүүчү майды өзүнө жана үйдүн ичине чачып, ширеңке тутанткан.
Өрт чыккан соң Дадаханов аялы менен тышка качып чыгышкан, бирок баласы үйдүн ичинде калып, каза болгон. Өрттө калган бала 4 жашта экендиги жазылат маалыматта.
Челябинск облустук соту 30-октябрда баласын тирүүлөй өрттөп, өзүн жана чогуу жашаган түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык жаранды 19 жылга эркинен ажыратты. Тергөө маалында Дадаханов өрт үчүн күнөөнү башка адамдарга арта салууга аракет жасаган. Бирок анын көрсөтмөсү четке кагылган. Эми ал жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озуно жан керек болуп качып чыгыптыр! Баласы эсине келбептир да, экоосу тен издешпей табышкан бир "немелер"го?!Ушул бир нерсе болсо эле олом анан олтуром деп, доосун уйгон кээ бир психтер аман эле болгула да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: