"Forbes" журналы көзү өтсө да чыгармачылыгы киреше алып келип жаткан адамдардын тизмесин түздү
"Forbes" журналы көзү өтсө да чыгармачылыгы киреше алып келип жаткан адамдардын тизмесин түздү. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, тизмеге көзү өтсө да чыгармачылыгы ири суммадагы киреше алып келип жаткан 13 адам кирген. Алардын автордук укуктары, жарнамалары, мүлктөрүн сатуудагы түшкөн каражаттары эсепке алынган.2016-жылы каза болгон гольф спортчусу Арнольд Палмер тизменин 3-сабынан орун алган. Анын аты менен чыгарылган спорттук буюмдар, суусундуктар аны чыгарган кожоюндарга 35 миллион доллар алып келген.
Төртүнчү орунда сүрөтчү-карикатурист Чарльз Шульц турат. Анын эмгектери 34 миллион доллар алып келген болсо, бешинчи катардан орун алган музыкант Боб Марлинин чыгармачылыгы 23 миллион доллар киреше алып келген.
Бул тизмеге "Playboy" журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер, актриса Мерлин Монро, музыкант-гитарачы Принс, рок-музыкант Жон Леннон, рэпер XXXTentacion жана Мухаммед Али жазылган. Тизменин соңунда фотомодель Бетти Пейдждин чыгармачылыгы 7 миллион доллар жылдык кирешеси менен кирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















