super.kg logo

Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чарада өлкөдөгү саясий бийликтин туруксуздугу коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратып жатканы айтылды

 

Бүгүн Бишкекте Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы коррупцияга каршы кызмат боюнча иш-чара өтүп жатат. Ага өлкөнүн Финансы министрлиги, Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык, УКМК, Юстиция министрлиги, сот кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия, соттор кеңеши, сотторду тандоо кеңеши, өкмөттүк аппарат, Жогорку Кеңештин депутаттары, коопсуздук кеңешинин катчылыгынан өкүлдөр келип катышууда.

Иш-чарада коррупция менен күрөшүү боюнча Стамбул аракет планы программасынын алкагында жүргүзүлгөн иштер боюнча жалпы тааныштыруу бөлүгү орун алды.

Стамбул аракет планы Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан Монголия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинада жүргүзүлгөн коррупцияга каршы реформаларды колдоп келет. Аталган план БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын ишке ашышын колдоп, жогоруда саналып өткөн мамлекеттердин арасында үзгүлтүксүз ар түрдүү эл аралык стандарттагы мониторингдерди жүргүзүп келет.

Стамбул аракет планы жүргүзгөн мониторингдин айрым жыйынтыктарында Кыргыз өлкөсүндө коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу белгиленген.

"Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы саясий бийликтин улам алмашып туруксуз болушу коррупцияга каршы саясаттын жана мыйзамдардын тез-тез өзгөрүшүнө алып келет. Бул өз кезегинде ар түрдүү бийлик органдарынын арасындагы кызмат бөлүштүрүүдө коррупцияга каршы саясаттагы ар кандай түшүнүксүз абалдардын жаралышын шарттайт", - дейт Стамбул аракет планы программасынын катчысы Ольга Савран.

Ошондой эле коррупция менен күрөшүүнү кантип жакшыртуу керек деген маселе боюнча айрым органдардын өкүлдөрү түрдүү сунуштарды айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: