Бишкектин көчөлөрүнө жол белгилерин коюуга 8 миллион сом бөлүнгөн
Бишкек шаардык мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы шаарга жол белгилерин коюу иштерине тендер жарыялап, ага 2 компания катышты. “Минт” ишканасы өз ишин 9 миллион 462 497 сомго бааласа, ИИМге караштуу Курулуш-монтаждоо эксплуатациялык башкармалыгы 8 миллион 423 245 сом деп баалашкан. Аталган башкармалыктын бөлүм башчысы Айдар Абсиметов билдиргендей, Бишкек шаарындагы жолдорго белгилерди түшүрүү үчүн 50 миллион сом керек. “Бул жылы 8 миллион сом гана бөлүнгөндүктөн, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жолдорго жана кооптуу аймактардагы жолдорго гана белгилер коюлат”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















