super.kg logo

Бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар боюнча рейтингде Кыргыз өлкөсү 190 мамлекеттин ичинен 70-орунга жайгашты

 

Бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар боюнча рейтингде Кыргыз өлкөсү 70-орунда жайгашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү 62,33 упай менен 190 өлкөнүн ичинен 70-орунда жайгашкан. Рейтингди түзүүдө өлкөлөрдөгү бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар, ишке ашырылган реформалар эске алынган. Кыргыз мамлекети өткөн жылдарга салыштырмалуу бизнес жүргүзүү шарттарын жакшырткан Түркия, Кытай, Азербайжан, Индия сыяктуу мамлекеттердин катарына кирген.

Рейтингде алдыңкы бештикке Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Түштүк Корея өлкөлөрү кирген. Коңшу мамлекет Казакстан 28-орунда жайгашса, Орусия 31-орунду ээлеген. Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн 6 баскычка төмөн жайгашып, 76-орунду алса, КМШ мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү көрсөткүчтү 126-орунга ээ болгон Тажикстан көрсөткөн.

Рейтингдин эң төмөнкү орундарын Венесуэла, Эритрея, Сомали мамлекеттери толуктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.11.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шарт жакшы болгон менен,коррупциянын айынан онукпой келе жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: