Бразилиялык футболчу Неймар 6 жылга соттолушу мүмкүн

Маалыматка ылайык, кылмыш иши спортчунун 5 жыл мурун "Барселона" клубуна өтүшүнө байланыштуу козголгон.
"ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу 6 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, футболчу 2013-жылы "Сантос" футболдук клубунан "Барселонага" өткөн мезгилде алдамчылык болгон. Бул тууралуу "DIS" инвестициялык компаниясы билдирген. Аталган компания футболчуга ээлик кылган акциялардын жарымынын ээси болгон. Каталондук клуб Неймардын трансфери 57 миллион доллар евро болгонун билдирген. Бул сумманын 40 миллион евросун Неймардын ата-энеси, ал эми 17 миллион еврону бразилиялык клуб жана DIS компаниясы алган. Бирок сот трансфердин суммасы 83 миллион евро болгонун аныктады", - деп жазылат маалыматта.
Неймардан сырткары кылмыш ишинде "Барселонанын" президенти Хосеп Мария Бартомеунун, "Сантостун" мурдагы жетекчиси Одилио Родригес Фильонун жана футболчунун ата-энесинин аты аталган. Айрым маалыматтарга караганда Неймар тергөөчүлөр тарабынан суракка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dembele84

01.11.2018. 12:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жомок,Роналдуга окшоп шоу кылып жатышат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.