super.kg logo

Бишкекте "чет өлкөгө жумушка орноштурам" деген шылтоо менен кардарлардан акча алып жүргөн ишкананын жетекчиси кармалды

 

Бишкек шаарында "чет өлкөгө жумушка орноштурам" деген шылтоо менен кардарлардан акча алып жүргөн ишкананын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен бир нече жаран кайрылган. Анда алар "Оками" ишканасынын Н.Нурланов аттуу жетекчиси аларды "Чехия жана Польшада жумушка орноштурам" деп ишенимине кирип, акча каражаттарына ээ болгонун билдиришкен. Иликтөө иштеринин алкагында Н.Нурланов аттуу жаран 2017-жылы "Оками" ишканасын иштетүүгө лицензия алганы аныкталган. 2018-жылы май айында ал иш алып барууга берилген уруксат кагаз келишимде көрсөтүлгөн шарттардын бири бузулганына байланыштуу токтотулган.

Бирок ишкананын жетекчиси бул жагдайларды билип туруп мыйзам бузуу жолу менен ишин улантып келген. Мындай аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 340 миң 485 сом, 1 миң 396 евро, 300 доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. Кылмышка шектүү акча алуу максатында жасалма дипломдорду жасап келгени да аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 180, 166, 350-беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "Оками" ишканасынан жабыркаган жарандарды (0312) 32 -30-91 же 32-37-07 номурларына кайрылууну өтүнөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нурсерикти кармашы кармадыго
300000€ кантип толойт фин полдо танышын болсо аласын болбосо манкасын
Мен да 1200€ тологон болчумун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: