"Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы "Кумтөрдү" сатып алуу сунушунан кайра баш тартты
"Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы "Кумтөрдү" сатып алуу сунушун кайра артка кайтарып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге компаниянын маалымат кызматынан 1-ноябрда кабарлашты.
Маалым болгондой, "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" "Кумтөр" кенин сатып алуу үчүн "Центеррага" эки ирет 800 миллион доллар сунуштап, бирок "Центерра" аны жоопсуз калтырып койгон. Мындан улам компания кайра сунуш жиберүү аракетин токтотту.
"Кумтөрдүн" акцияларын сатып алуу үчүн "Центеррага" 800 миллион доллардын 400 миллион доллары акчалай түрүндө берилмек.
Буга чейин "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы өз сунушун: "Азыр "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Центеррадагы" акциялары 26,6 пайыз. Анын баасы 460-470 миллион доллар болот. Ошондо "Кыргызалтын" "Центеррага" 400 миллион долларлык акциясын калтырып "Центеррадан" чыгат. Андан кийин биз менен биригип, түзгөн келишимдин негизинде "Кумтөр" кенинен түшкөн пайданын 50 пайызына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал эми калган 50 пайызга "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы ээлик кылат. Анткени сумманын жарымын биз төлөп жатабыз. Бирок ошол эле учурда биз алган пайдабызды Чаткалдагы "Чаарат" кенибизге жумшайбыз. Биз келишим түзүп калса, ага "алган пайдабызды Чаткалдагы "Чаарат" кенибизге жумшайбыз" деп эле жазабыз. Жыйынтыгында "Кумтөр" кенинен түшкөн пайданын 100 пайызы Кыргыз жеринде калып жатат", - деп түшүндүргөн.
Канадалык ишкана "Кумтөрдөгү" алтынды 1992-жылдан бери казып келет. Учурда 350 тонна алтын казып алса, дагы 150 тоннадан жогору алтын запасы бар. Казуу иштери келишимде 2026-жылга чейин уланары көрсөтүлгөн.
"Центерра" ишканасынын маалыматы боюнча, жалпысынан 1994-2016-жылдар аралыгындагы Кыргыз мамлекетинин аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 202 миллион доллардан ашкан. 2016-жылы 110 миллион 783 миң 49 доллар, 2017-жылдын 6 айында 68 миллион 419 миң 939 долларга жеткен.




1 |