super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева: "Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин партияда тиреш пайда болду"

 
31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.
“Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы тууралуу маалыматты бүгүн окудум. Мен партиянын органдарында жетекчи, саясий кеңеште мүчө дагы эмесмин. Саясий кеңештин отуруму болдубу же болгон жокпу, так биле албайм. Ар бир партиянын өзүнүн уставы бар. Мен саясий кеңештин мүчөсү болбогондуктан отурум легитимдүү же легитимсиз өткөнүн айта албайм. Маселе фракция жыйынында каралат. Бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек.
Быйылкы Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин партияда тирешүү пайда болду. Учурда ЖЭБ боюнча тергөө болуп жатат. Ушунун артынан көп маселе бар. Тирешүү бар. Бул маселе дагы фракциянын жыйынында каралат”, - деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: