super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: “Партия Иса Өмүркуловду лидерликтен бошоткула деген чечим берсе дагы, бул маселени фракциянын мүчөлөрү чечет”

 

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты. Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Масалиев Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганына туура же туура эмес деп баа бере албай турганын айтты.

“Партия кээ бир мүчөлөрүнүн жүрүшү уставга дал келбесе чара көрүшү мүмкүн. КСДПда кырдаал оңой эмес. Ар кандай тирешүүлөр болуп жатат. Мурунку президент ушул партиянын башчысы катары өзүнүн саясатын жүргүзгөнгө аракет кылууда. Партиянын айрым мүчөлөрүнүн пикири башка болуп жатат. Туруктуу идеологиясы, негиздемеси бар бир дагы партия жок. Бир гана коммунисттер партиясынан бар. Калгандарында идеология жок. Ошондуктан партиянын курамы, жетекчиси алмаша берет. Партия "Иса Өмүркуловду лидерликтен бошоткула" деген чечим берсе дагы, бул маселени фракциянын мүчөлөрү чечет”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: