super.kg logo

Индонезияда деңизге кулаган учактын "кара кутусу" табылды

 

Индонезияда кулаган учактын кара кутусу табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 189 адамдын өмүрүн алган учактын "кара кутусу" бүгүн, 1-ноябрда табылды. Суучулдар аны деңиздин 30 метр тереңдигинен таап чыгышкан. "Кара кутуда" жазылып калган маалыматтар болжол менен 20 күндүн ичинде изилденип бүтөт.

Ошондой эле куткаруучулар 30 метр тереңдикте учактын корпусу жана оң канаты жатканын аныкташты. Азыркы учурда учкучтардын кабинасында жайгашкан үн жаздыруучу аппаратты издөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 05:30 чамасында Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява деңизине кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж кызматкери болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.11.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кутусу табылды эле болот ошону мн дым болот..
01.11.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дача суу дагы чёрный ящик тен кабар жокпу я
02.11.2018. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samar90,АША деп чечмеленет да баары бир.
01.11.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор,бири да тирүү калбаптыр го байкуштар
02.11.2018. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул самалет жерге түшүп баратканда тартылган видео жүрөт го интернетте. Акыркы мүнөттөр тартылыптыр. Өтө коркунучтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: