Жалал-Абадда 10 айда 232 турак үйдөн өрт чыккан
Жалал-Абад облусунун аймагында 10 айда 542 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 232 өрт турак жай секторунда чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.
Анын айтымында, турак жай секторунда катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 6 адам каза болуп, 662 тонна тоют, 63 мал жандыктары жабыркаган.
Облустук өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 20 жаран, 25 ири мүйүздүү мал жана 145 миллион 306 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калган.
"Өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү өчүрүлбөй калган тамеки калдыгынан, электр тогуна уланган бойдон унутта калтырылган электр шаймандарынан, кароосуз калтырылган балдардын от менен ойноосунан келип чыккан. Эң кейиштүүсү, жарандар уктап жаткан мезгилде өрттөн чыккан түтүндөн, газдан ууланып каза болуусу", - деди Закиров.
Мындан улам облустук башкармалыктын өздүк курамы кышкы мезгилге карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөттү.


