super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мыйзамсыз кумар оюндары уюштурулган жай жабылып, жабдуулары экспертизага жөнөтүлдү"

 

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ошто казинолор дале иштеп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Финансовый брокер" аталышындагы кумар оюндарын уюштурган жай азыр иштебей жатканын айтты. Ошондой эле "интернет клуб" деп аталып, бирок кумар оюндарын уюштуруп жаткан жашыруун кумарканалардын ишмердүүлүгүнө каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгилеп өттү.

"Ош шаардык сотунун санкциясы менен текшерүү иштери жүргүзүлүп, ал жердеги тиешелүү жабдуулар алынган. Алар атайын экспертизага берилген. Учурда экспертизанын корутундусу чыга элек. Биз жалпы эле окурмандардан Ош шаарында жашыруун казинолор иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар болсо Ош ШИИББине кайрылууну суранабыз. Бүгүнкү күндө Ош ШИИББинин эң негизги талаптарынын бири - дагы ушул мыйзамсыз уюштурулган оюн-зоок жайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу. Жогоруда аталган жай Ош шаарынын борбордук стадионунун кире беришинде орун алган. Жыл башынан бери мыйзамсыз иш алып барууга аракет жасаган 5 оюн-зоок жайлары, казинолор жабылган. Анда "интернет клуб" деп аталып, бирок жашыруун кумар оюндары уюштурулуп келген", - деди Замир Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
01.11.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды жаппай эле баарын бириктирип туруп борбордон башка облустун бир шаарына топтоп салыш керек болчу, каалагандар барып ошол жерден ойной бермек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: