super.kg logo

Улуттук банк: "Толкунбек Абдыгуловго берилген акчаны кечүүдө мыйзам бузуу болгон эмес"

 

Улуттук банк тарабынан 2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгуловго деп 5 миллион 500 миң сомдун берилиши мыйзамдуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин билдиришинче, Толкунбек Абдыгуловго 5 миллион 500 миң сом өлкөнүн экономикасынын жана банк системинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 71-беренесине ылайык, Улуттук банк өз кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак-жай ссудаларын, керектөө насыяларын берүүнү, кыймылсыз мүлктү сатып алууну жана банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоонун башка чараларын уюштурат.

Ага ылайык, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5 миллион 500 миң сом ссуда берилген. Улуттук банктын башкармалыгынын чечими менен Толкунбек Абдыгуловдун вице-премьер-министр кызматына которулганы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ага берилген акчанын 4 миллион 824 миң сому 2017-жылдын 31-октябрында эсептен чыгарылган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок", - деп жазылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматы боюнча, жалпысынан 2000-2018-жылдар аралыгында Улуттук банк кызматкерлерине турак-жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген. Анын 31 миллион 921 миң сому же жалпы сумманын 4 пайызы эсептен чыгарылган.

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго берилген 6 миллион сом эсебиндеги турак-жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылгандыгын Башкы Прокуратура текшериши керектигин айтып чыкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
01.11.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жашоо ушулардыкы болду карапйым эл айына 15000 мин сомго иштеп журсо булар милиондорду гана алышат алган айлыгынан сырткары буларды ким контрол кылат аябайле аша чаап кетиштиго булар
01.11.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошон учун кыргызстан онукпойт.
02.11.2018. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткакка бата берет мамлекетибиз. Кыргыхстандан чыгып кетиш керек. Чынында чыгып кете бериш керек биринчи мүмкүнчүлүктө.
03.11.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн мите курту экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: