super.kg logo

"Азгырылып акча уттургандан кийин кумарканаларды жаптырууга аракет кылдым" дейт "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү

 

Ош шаарында лото оюндарын онлайн уюштуруу менен кумаркана көмүскөдө иштеп жатканын кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" октябрь айындагы жеңүүчүсү болду.

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы "Финансовый брокер" аталышындагы кумар оюндарын уюштурган жай азыр иштебей жатканын билдирген. Ошондой эле "интернет клуб" деп аталып, бирок кумар оюндарын уюштуруп жаткан жашыруун кумарканалардын ишмердүүлүгүнө каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Ош шаарында жашаган Жолдошбек Маматов өзү аталган жайга барып ири суммадагы акчасын уттуруп жибергенин өкүнүү менен айтып "казинолорду жаптырбаса, мага окшогон карапайым эл акчасын уттуруп жапа чегип жатышат. Канчасы үй бүлөсүнөн, турак жайынан, унаасынан ажырап калды" деген эле.

"6 ай мурун досторубуздун бири карызга 500 сом акча сурап, казиного барарын айтып, мага да сунуштап калды. Кирген соң ойноп жатып мен берген 500 сом 5 600 сомго жетти. Кийин өзүм киргенде 1 000 сомдон баштап 10 000 сомго чейин уттуруп жибердим. Кумар оюну, кумаркана зыян алып келерин түшүнүп туруп өзүм кантип азгырылып кеткенимди билбей калыптырмын. 70 миң сомумду уттуруп жибергенден кийин ал жерди жаптырууга аракет жасай баштадым. Мага окшогон карапайым эл жапа чекпесин дедим. Буга чейин "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн кумар оюндарын уюштурган жай жабылып, жакшы болду. Көрүп сүйүнүп калдым. Бирок Ош шаарындагы жаңы көпүрөнүн жанына жаңы ачылганын көрүп калдым", - деди ал. Мындан сырткары кумар оюндарын ойнотуучу жайларга барбоого туугандарына, үй-бүлөсүнө убада бергенин кошумчалады.

Окурманыбыз Ош шаарында дагы бир кумар оюндарын уюштурган жай иштеп жатканын айтып, сүрөтүн жөнөттү.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, август айы - Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, сентябрь айы - Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калганын кабарлаган окурман


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.11.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына Москвада да аябай азгырылып атышат. Кандай алаксытса болот канчалаган кыргыз жигиттер журот экен ичинде. Эшектей иштеп квпл берип калгынын ошо жака тыгып ийишет экен. Анан Лига дегенде кыргыз кыздар да жигиттери мн барып сыра ичип кенири отурушат экен. Бирок бул биронун мамлекетин тыя албайбыз гооо. Бирок аябай кыргыз балдар жапа чегип атат
02.11.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Телефонун сатып кирип кетпе, билемда ойноп жургондорду
02.11.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кумарканалар тыю салынган болсода иштеп жатат. ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-02 12:55:51
02.11.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч болсо да акылыңа кирип кирбей калыпсын азамат...
06.11.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Октябрь айынын женуучусуу Нариман Тулеев болчу негизи. Неге ага бербединер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: